04:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, Москвада дарыланып жаткан саясатчы 5-сентябрь күнү өлкөгө келди. Ал учак менен эмес, унаа менен кайтып келген.

«Өмүрбек Бабановго дарыгерлер учак менен учууга тыюу салышты. Ошондуктан унаа менен келди», — дешет алар.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» боюнча кылмыш ишинин алкагында 31-августта кармалган. 27-июлда бошотулуп, 10-августта дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума