16:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Бабанов Чүйдүн мурдакы губернатору менен кудалашат

Мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кызы Айперини турмушка узатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Бизге белгилүү болгондой Өмүрбек Бабанов Чүйдүн мурдакы губернатору Азамат Кангелдиев менен кудалашат. Азамат Кангелдиев 2010-2011-жылдары «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин дагы депутаты болгон. Бажы жана Эсептөө палатасында иштеген. Эки баласы бар. 

Айпери Бабанова Лондон Cass Business School окуу жайында окуйт. Анын Facebook тармагындагы баракчасына Кангелдиев фамилиясынан Санжар аттуу жигит менен достукта.

Санжар Кангелдиев менен Айпери бири-биринин акыркы сүрөттөрүн жактырган.

Санжар Кангелдиевдин Facebook тармагындагы досторунун көпчүлүгү Лондондо жашап, LSE жогорку окуу жайында билим аларын белгилешкен.

Айрым маалыматтарга караганда, үлпөт той Стамбул шаарында өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар