01:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өмүрбек Бабанов медиктерди жана пенсионерлерди колдоого 5 миллион сом бөлөт

«Республика-Ата-Журт» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов дарыгерлер менен пенсионерлерди колдоо ирээтинде 5 миллион сом которот. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына маалымдады.

Анын айтымында, 5 миллион сомдун 3 миллиону дарыгерлерге, 2 миллиону 2 миң пенсионерлерге миң сомдон дары-дармектери үчүн берилет.

«Биз баардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек. Короновируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек. Бүгүн, элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жаранадык милдетим деп эсептейм. Аныдктан биз 5 миллион сом бөлүүнү чечтик. Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз», — деп билдирген Өмүрбек Бабанов.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Дорогие кыргызстанцы! Наша страна и весь мир вынуждены противостоять страшному недугу. Для нас это очень большое испытание на сплоченность и мудрость! Мы все должны объединиться как никогда и победить эту чуму! Мы обязаны поддержать борьбу с коронавирусом на всех уровнях от простых граждан до бизнесменов. Сегодня и я считаю своим гражданским долгом оказать посильную помощь нашему народу. Поэтому мы приняли решение выделить 5 млн сомов, из которых на поддержку наших доблестных Врачей будет перечислено 3 млн сомов на расчетный счет Минздрава и 2 млн сомов 2000 пенсионерам на лекарства по 1 000 сом! Мы обязательно выстоим этот период и выйдем ещё сильнее!!! Пусть Всевышний Аллах поможет нам и всему человечеству одолеть и пройти это испытание! С уважением, Омурбек Бабанов ____________________ Урматтуу Кыргызстандыктар! Биздин өлкөбүз, дүйнө жүзү бул коркунучтуу оору менен алышууга аргасыз. Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат! Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек! Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек. Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик, анын ичинен баатыр Дарыгерлерибиз үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерибизге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат. Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз!!! Улуу Жараткан Алла бизге жана бүткүл адамзатына ушул сыноодон өтүүгө жардам берсин! Урматым менен, Өмүрбек Бабанов

Публикация от Омурбек Бабанов (@omurbekbabanov)

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Сауд Арабиядан коронавирус аныкталган 3 бейтап менен бирге бир учакта учуп келген 144 адам карантинге жаткарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар