14:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Салкын» ишканасына 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылган

Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — мамлекеттик органдар менен бизнестин биргелешкен милдети. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышканда айтты. 

Мамлекет башчысы өндүрүштүк процессти, чыгарылган продукцияларды көрүп, алардын жетекчилигинин көйгөйлөрүн укту.

«Салкын» ЖЧКсынын байпак өндүрүү боюнча ишканасынын жетекчиси бул ишканага 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылганын айтты.

Чыгарылган продукциялардын көп бөлүгү Казакстандын жана Россиянын базарларына жөнөтүлөт. 200 адам жумуш менен камсыз болгон.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле желим, боёкторду, курулуш материалдарын жана жалаякшымдарды чыгарган «Пейванд» ЖЧКсынын иши менен да таанышты. Мында 18 адам иштейт, продукциялар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө — Россяига, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жөнөтүлөт. 

Андан соң президент айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюмдарды, материалдарды жана түтүктөрдү өндүрүүчү «Корона» ЖЧКсынын ишканасына барды. Ишканада 15 адам эмгектенет. 2019-жылдын биринчи жарымында чыгарылган продукциялардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума