04:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Күчтүү үй-бүлөлүк медицина» улуттук долбоору ишке ашырылат

«Күчтүү үй-бүлөлүк медицина» улуттук долбоорун ишке ашырууну максат кылуудабыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда айтты. 

Ал инновациялык технологияларга негизделген үй-бүлөлүк медицинаны каржылоо зарылдыгын белгиледи.

«Онлайн теле-консультация, телемедицина, электрондук төлөмдөр сыяктуу жаңы кызмат көрсөтүүлөр киргизилет. Ар бир облуста баштапкы медициналык-санитардык жардамды жаңылоо жана чыңдоо башталат. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын функцияларын күчтөнтүү жана кеңейтүү зарыл», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Айтымында, ар бир региондо кесипкөй кадрлар, заманбап жабдуулар, транспорт менен камсыздалган кечиктирилгис жардам бөлүмдөрү болушу керек.

«Бишкек шаарында медициналык тез жардамдын автоматтык маалыматтык системасы киргизилди, ал республиканын ири шаарларына жайылтылат. «Дени сак шаарлар жана айылдар» улуттук долбоорун ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр тарабынан колдоону күтөбүз», -дейт президент.

Эң көп окулган жаңылыктар