10:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент: Курчоодо калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган

«Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн. Бул дата Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхындагы баатырдык барактардын бири». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошотулган күнүнө арналган митинг-реквиемде айтты. 

Мамлекет башчысы 900 күн менен түнгө созулган курчоо элдик каармандыктын, массалык кайратмандыктын, патриотизмдин символу болуп калганын белгиледи.

«Биз трагедиялуу, ошол эле мезгилде баатырдык күндөргө этияттык менен мамиле кылабыз. Курчоодо калган, бүгүн арабызда отурган мекендештерибиз менен сыймыктанабыз. Ленинградды душмандардын курчоосунан бошотууга катышып, баатырдык менен курман болгон төрт жарым миңден ашык кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында башыбызди ийебиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Президент кыргызстандыктар тарыхты эстен чыгарбай турганын, аны кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөрүн өзгөчө белгиледи.

«Биз дайыма ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз. Бардык курман болгондордун, бирок, жеңилбегендердин элесинин, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон 130 миң кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында баш ийип, таазим кылабыз. Биздин кечегибиз үчүн өз өмүрүн арнагандарды эскерүүгө милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Курчоодо калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган. Алардын 3 миңи балдар болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума