08:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ушул жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет

2019-жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда айтты. 

Ал 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарылдыгын белгиледи. Анын ичинде 207 айылга каржылоо булактары аныкталган.

«Каржылоо булактары аныктала элек 345 айыл бар, аларга таза суу киргизүү үчүн жалпысынан 481 миллион долларга жакын каражат талап кылынат. Бул каражаттын 450 миллион доллары донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталды», — деди президент.

Айтымында, Кыргызстандагы дагы бир көйгөлүү маселе — айыл-шаарларда саркынды суудан тазалоо системасын киргизүү. Бул маселе — Ысык-Көлүбүздүн тегерегинде өтө көйгөйлүү.

Учурда 20 шаарда таза жана саркынды суу боюнча иштер башталды, дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума