14:40
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ЖККУ саммити. Владимир Путин Кыргызстанга учуп келди

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Манас» эл аралык аэропортунда кесиптешин президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Сессияга катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Эске салсак, кечээ Беларус, Тажикстандын президенттери, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген. Аларды өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алган. Ага чейин Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учуп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар