01:26
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна дагы 56,5 миллион доллар талап кылынат

Кыргызстанда ушу тапта 13 магистралдык жолдордо курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда айтты.

Жол куруу долбоорлоруна республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүүдө.

Президент донорлор тарабынан колдоого муктаждыкты айтты. «Түндүк-Түштүк автожолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56,5 миллион доллар акча каражаты талап кылынат», — деди ал.

Айтымында, Тараз—Талас-Суусамыр автожолунун 4-фазасын курууну каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Туризмди өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ысык-Көл «шакекче жолун» долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Түп-Кеген унаа жолун 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда. Бул жолдун аякташы менен туристтик зонабызга келүү үчүн коңшу мамлекеттин жарандары үчүн да бир кыйла ыңгайлуу шарттар жаралат, соода-экономикалык карым-катнаш жакшырып, туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болот. Эл-аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүүгѳ жалпысынан 500 миллион доллардын тегерегинде инвестиция талап кылынат», — деди өлкө башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар