12:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Орусия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

«Мен ар дайым сиздин колдооңузду сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө кыйла салым кошкон чыныгы дос катары билишет. Биз сизди Кыргызстанга дайым өзгөчө мамиле кылган жакын дос деп эсептейбиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити ийгиликтүү өтүп, кыргыз-россиялык кызматташуу активдүү динамика жана конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи. Дмитрий Медведев Кыргызстанга, анын бермети болгон Ысык-Көлгө дагы бир жолу келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи.

«Мурда дагы келгем, бирок келген сайын бул жердин кооздугуна суктанам. Бул жакта биздин эки тараптуу мамилелерди талкуулоого, ошол эде маалда Евразиялык биримдикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусун өткөрүүгө шарттары жакшы. Биздин мамилелер чындап эле абдан жакшы, биз ар кандай маселелер боюнча кеңешип турабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла», — деп ишендирди Дмитрий Медведев.

Ал Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламын жолдоп, Кыргызстанга келер алдында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелери боюнча маселелерди талкуулашканын кошумчалады.

«Бүгүнкү жолугушуу дагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп ишенем. Ар дайым эки тараптуу дагы, көп тараптуу дагы форматтарда талкуулай турчу маселелер көп. Ысык-Көлдүн эң сонун маанайы да буга жардам берет деп ишенем», — деп белгиледи Дмитрий Медведев.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби