23:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов УКМКнын тергөө абагында калтырылды

Бишкек Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иштери боюнча соттук процесс уланууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө сотко Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаиловдон УКМКнын тергөө абагында орун жок деген кат келген. Документте күнөөлөнүп жаткандарды № 1 тергөө абагына которуу айтылган.

Судья Кубанычбек Касымбеков жыйын бөлмөсүнөн чыгып, күнөөлөнүп жаткандарды УКМКнын тергөө абагынан № 1 тергөө абагына которуу тууралуу сунуштан баш тартты.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар