21:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Каржы полициясы депозиттик эсепке 7 миллион 572 миң 41 сом акча которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги миллион 572 миң 41 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Каржы полициясы тарабынан бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 763 миллион 324 миң 948 сомду түздү.

Бул которуу «Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума