15:13
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бирдиктүү депозиттик эсепте 1 миллиард 668,5 миллион сом топтолду

2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде бирдиктүү депозиттик эсепте 1 миллиард 668,5 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан — 769 миллиондон ашуун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен — 313 миллиондон ашуун, Башкы прокуратурадан 597миллион сомдон ашуун, Ички иштер министрлигинен −7 миллион сомдон ашык каражат келип түштү.

Эске сала кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар