23:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстанда каржы пирамидасына алданган 105 адамдын унаасы кайтарылып берилди

Ташкент облусунда каржы пирамидасынын негиздөөчүсү Ахмад Турсунбаев тарабынан алынган 105 автоунаа ээлерине кайтарылып берилди. Бул тууралуу 31-январда «Өзбекстан 24» телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, эл арасында «Ахмадбай» деген ысым менен таанымал Турсунбаев адамдардын ишенимине кирип, 180 пайыздык киреше менен кайтарып берүү шарты менен алардан акча жана мүлктөрдү алып келген.

Зарифа аттуу жергиликтүү тургун «Ахмадбайга» 6 миң доллардан ашык каражат бергенин билдирүүдө. Айтымында, анын акчасын кайтарып алуу боюнча аракетинен эч майнап чыкпай жатат.

«Адамдар автоунааларын кайтарып алып жатышат. Анткени аларды оңой эле далилдөөгө болот. Ээси тууралуу унаанын номуру аркылуу билүүгө болот. Бирок «Ахмадбайга» акчасын бергендер кайра ала албай жатышат. Анткени алар документтерге жазылган эмес. Жазылган күндө да ал кагаздар жок кылынган», — деди ал.

Ахмад Турсунбаев укук коргоо органдары тарабынан 2016-жылы июнда кармалган. Ошондон бери ал Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Ахмад Турсунбаев адамдардан унааларын, башка мүлктөрүн жана баалуу жасалгаларын мыйзамсыз алып жүргөн. Акча алган маалда ал эч кандай кепилдик кагаздарын берчү эмес.

Өткөн жылы жайында Ташкент облустук сотунда Ахмад Турсунбаевдин иши боюнча жараян башталып, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү угулган.

Ага карата опузалоо, алдамчылык, валюталык баалуу кагаздарды мыйзамсыз алуу жана сатуу, ошондой эле чет элдик валютаны жашыруу айыптары тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар