21:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бир жарым жылда бирдиктүү депозиттик эсепте 1 миллиард 968 миллион сом топтолду

2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 24-декабрына чейинки мезгилде бирдиктүү депозиттик эсепте 1 миллиард 968,7 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан 959 миллиард 388 миллион 42 миң, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен 369 миллиард сомдон ашуун, Башкы прокуратурадан 628 миллиард сомдон ашуун, Ички иштер министрлигинен 11 миллиард сомдон ашуун каражат келип түштү.

Эске сала кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар