08:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бүгүн Ош шаарында 500 орундуу мектептин курулушу башталды

Бүгүн Ош шаарында 500 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, курулуш иштери Бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен салынууда.

Заманбап мектептин курулушуна тендер жарыяланып, курулуш иштерине 54 миллион сомдон ашык каражат сарпталмакчы. Курулуш иштерин 2020-жылдын IV кварталына бүтүрүү пландалган.

Эске салсак, президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар