17:50
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жемкорлук менен күрөшүү. Депозиттик эсепке 1 миллиард 909,7 миллион сом топтолду

Жемкорлук менен күрөшүүдө бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 909,7 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан — 941 миллион сомдон ашуун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен — 332 миллион сомдон ашык, Башкы прокуратурадан 628 миллион сомдон ашуун, Ички иштер министрлигинен 7 миллион сомдон ашуун каражат которулган.

Эске сала кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби