10:54
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

УКМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 31 миллион сом өлчөмүндө акча которду

УКМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 31 миллион сом өлчөмүндө кезектеги акчасын которду.

Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн алкагында УКМК эсеп ачылгандан баштап жалпы 272 миллион 815 миң 287 сом которгон.

Эске салсак, Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын 3-июлунда ачылган. Ага экономикалык жана кызматтык кылмыштар тууралуу кылмыш иши боюнча мамлекеттке келтирилген чыгымдар которулуп турат.

Бирдиктүү депозиттик эсептен Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептердин курулушуна бул жылы 799,3 миллион сом бөлүндү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү