13:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сапар Исаков: Таза иштеген киши гана бактылуу боло алат

Өкмөт башчысы Сапар Исаков бүгүн Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматын 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Премьер-министр кызматтагы реформаларды белгилеп, өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн иштөөгө чакырды.

«Башынан аягына чейин таза иштеген кишинин аты түбөлүктүү калат. Ал киши бактылуу. Мен дагы сиздерге бакыт каалайм» — деди премьер-министр.

Сапар Исаков мекеменин кызматкерлерине Ардак грамота, саат жана 6 жаңы «Нива» уунасын тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар