15:35
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

УКМК жемкорлук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 35 миллион сом которду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жемкорлук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 35 миллион 849 миң сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке бардыгы болуп 193 миллион 602 миң сом которгон.

Эң көп окулган жаңылыктар