18:54
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

УКМК жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн ачылган атайын эсепке акча которду

УКМК жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн ачылган атайын эсепке 129,6 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, өткө жумада УКМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 20,4 миллион сом өлчөмүндөгү каражат которгон.

Эске салсак, каржы министрлиги ушул жылдын 3-июлунда экономикалык жана кызматтык кылмыштардын натыйжасында мамлекетке келтирилген чыгымдарды ордуна келтирүү үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Эң көп окулган жаңылыктар