06:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБ. ТВЕА менен келишимде төлөө жолдору көрсөтүлгөн эмес

Бишкек электр жылуулук борборун модернизациялоо боюнча ТВЕА кытай компаниясы менен келишимде алган кредимтти төлөө жолдору көрсөтүлгөн эмес. Бул боюнча бүгүн Свердлов райондук сотунда айтылды.

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча иште «Электр станциялар» ишканасынын финансы бөлүмүнүн жетекчиси Арстанбек Жумабаев сурак берди.

Ал ТВЕА менен болгон келишимге виза чаптаган. Арстанбек Жумабаевдин айтымында, келишимдин ичинде техникалык жагы көбүрөөк камтылып, төлөөнүн жол-жоболору көрсөтүлгөн эмес.

«ЖЭБдин модернизациядан өткөн бөлүгү жергиликтүү Кара-кече көмүрүнө туураланган. Эгер буга чейин көмүрдү 300-350 миң тонна сатып алсак, азыр 680 миң тонна алабыз. Биз акырындап казак көмүрүнөн алыстап бара жатабыз», — деди ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар