07:13
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бүгүн уран казууга тыюу салуу мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоордун авторлору депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков.

Жогорку Кеңеш 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алган. Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол боюнча маселе талкууланган жыйында парламент саясий чечим кабыл алганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар