13:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кушбакали Тажибаев: Уранга мораторий киргизүү- өлкөнү таш дооруна алып келет

Кыргызстанда уран боюнча ири кен аймактары жок, болгону орточо көлөмдөгү Сары-Жаз жана Кызыл-Омпол уран кен аянттары бар. Бул тууралуу коомдук угуу маалында Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 8 миң тоннага жакын уран Сары-Жазда, 13 миң тоннага жакын уран Кызыл-Опмолдо бар. Бүгүнкү күндө уран кени чыгуучу жайларды издөөгө жана чалгындоого 17 лицензия берилген. Уранды гана чалгындоого 8 уруксаат берилген. Алардын үчөө Ысык-Көлдө, бешөө Чүй облусунда, бирөө Баткенде. 

«Калган лицензиялар башка пайдалуу тоо-кен байлыктарын издөөгө жана чалгындоого берилген», -деди Карыбек Ибраев.

Эске салсак, бүгүн коомдук угууларда уран кенинин айланасында талкуу болуп жатат.

«Эгерде мыйзамга уранды казып алуу жана чалгындоого тыюу салуунун мөөнөтүн көрсөтпөсөк, бул Кыргызстанды таш дооруна кайра алып келгендей эле болот», -деди Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер кыртышын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын жетекчиси Кушбакали Тажибаев.

Анын айтымында, ар бир мыйзам жөнөкөй, адилеттүү жана эффективдүү болушу керек. Депутаттар сунуштаган уран жана торийге байланышкан ар түрдүү иштерге тыюу салуу тууралуу мыйзам жалпысынан жакшы, бирок белгилүү бир кемчиликтери дагы бар. 

«Уран менен торий -стратегиялык энергетикалык чийки зат. Белгилүү бир убактан кийин атомдук энергияны пайдалан турган экономикалык таза система иштелип чыгат. Уран менен торийдин энергиясын өздөштүрүү коопсуз болуп калат. Мындан тышкары уран менен кошо чанда кездешүүчү баалуу элементтер жатат. Мындан улам, ишти 50 жылга чейин тыюу салуу керек деген түзөтүү киргизүүнү сунуштаймын», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар