16:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт Кара-Балта комбинатынын уранды кайра иштетүүсүнө уруксат берүүнү суранды

Өкмөт Кара-Балта тоо-кен комбинатынын уранды кайра иштетүүсүнө уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Айтымында, министрлер кабинети өлкөдө уранды иштетүүгө тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алган.

«Мыйзам долбооруна торийди дагы кошушкан. Биздин адистер торийди иштетүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Ошондой эле Кара-Балта комбинаты уранды кайра иштетүүгө катталган. Алар азыр Казакстандан уран алып келип жатат. Биз комбинатка кайра иштетүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатабыз», -деди өкмөт башчы.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов долбоордун авторлору уран менен торийди иштетүүгө толугу менен тыюу салуу маселеси боюнча принципке турушаарын айтты. «Казакстан бул жактан иштетип, даяр болгонун алып кетип жатат. Ал эми калдыктар бизде калып жатат», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар