07:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргыз ураны. Биринчи советтик атомдук бомбадан Кызыл-Омполго чейин

Кыргызстанда уран казуу совет мезгилинде күч алганы менен ага чейин 1890-жылдардын аягында эле өлкөнүн түштүк тарабында Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Совет өлкөлөрүнүн ичинен Украина, Казакстан жана Өзбекстандын ири уран кендери алдынкы орунда турган. Анткен менен Кыргызстанда ири радиациялык калдыктар көмүлгөн жайлар пайда болот. Көпчүлүгү кооптуу аймактарга жайгашкандыктан экологиялык кырсык алдында турат. 

Таш-булак уран кенинен кийин парламентте 2017-жылга чейин уран кендерин ачууга мароторий жарыялоо мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Кыргызстандагы уран казууга байланыштуу 11 факт: 

1. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уран изилдөөгө 20га жакын лицензия берилген. Бул тууралуу Өндүрүш, энергетика жана кен казуу мамлекеттик комитетинин расмий сайтында көрсөтүлөт. Лицензиялардын эң узагы 2026-жылга чейин берилген. 

2. Уранды изилдөө Ысык-Көлдүн «Орусбулакская» -(лицензия мөөнөтү: 2018 −2022), Сары-Жаз (2018-2026) жана Бүркүт, Ысык-Атанын Атжайлоо ( 2017- 2022), Баткендин Ескей жана Мадыген, Чаткалдын Чымташ, Алайдын Карасай-кен, Токтогулдун Каргыш аймактарында жүргүзүлүүдө.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Баткен, Мадыген

3. Акыркы изилдөөлөр боюнча, эң ири уран кени - Кызыл-Омпол тоолорундагы Таш-Булак кени. Анда 12-13 миң тонна уран бар. 

4. Кыргызстандын аймагында уран казуу 1907-жылы Ош облусундагы Туя-Муюн кенинде башталган. Бул кен 1913-жылга чейин иштеп, кайра 1923 — 1928 —жылы жанданган. Бул кенди алгач немец ишкерлери казып баштаганы да айтылып жүрөт. Кийин орус империясы казып, Санкт-Петербургда кайра иштетилген. 

Жалпысынан 5 миңдей уран алынганы жана ал биринчи орус радийин түзүүгө жумшалганы айтылат.

5. Советтик булактарда Кыргызстанда жылына 3 миң тонна уран алынганы айтылат. Бирок, бул Кара-Балта комбинатында иштетилген урандын көлөмү менен кошо белгиленген. Комбинатка Казакстандан дагы уран ташылып келинген. 

6. Кыргызстанда 92 жерге радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн. Анын эң ирилери — Майлуу-Суу, Миң-Куш, Шекафтар. Бул үч жер Борбордук Азияда жети кооптуу уран калдыктары көмүлгөн аймактардын катарына кирет.

7.  Зыяндуу калдыктардын жалпы көөлөмү -  11,9 миллион кубометр.

8.  Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн дагы уран калдыктары ташылып келген.  Жада калса Чыгыш Германиядан бери алынып келинген. Ошондуктан, казылып алынган урандын көөлөмүнөн дагы калдыктар көп. 

9. Майлуу-Суунун өзүндө уран калдыктары көмүлгөн 23 жер бар. Жалпы көөлөмү - өндүрүштөн чыккан 2 миллион кубометр жана кенден калган 1 миллион кубометр калтыктары. Майлуу-Суунун өзүнөн уран 1947-1967-жылдары казылган. 

10. Уран калдыктары тейлөө боюнча Кыргызстан БУУ, МАГАТЭ, Дүйнөлүк банк, Европа биримдигим, ЕврАзЭС, «Росатомо» менен кызматташат.

11. Шекафтар уран калдыктары Чаткал районунда жайгашкан. Бул аймактан 1946 —жылы ишке кирип, 1957-жылы жабылган. Кендеги зат «Уралэнергоцветмет» жеткирип турган. Бул эле жерде 8 тоолуу кен казылган жер бар. Аларга 700 миң куб метр калдыктар көмүлгөн. Айыл өтө жакын жана аймакта жер титирөө коркунучу бар.

12.

Айрым маалыматтар боюнча, Миң-Куш кенинде 1957-жылга чейин суюк, катуу калдыктарын жакынкы дарыяга агыза беришкен .

Андан кийин гана калдыктарды топтоочу жай ачылган. Кен 1955 — 1969-жылдары иштеген. Бул аймакта эки кооптуу уран калдыктары көмүлгөн жер бар: Туюк-Суу жана Талды-Булак.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Миң-Куш
Миң-Куш учурда кооптуу шаарлардын катарында. Шаарда жер көчкү коркунучу да бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума