17:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт бир жыл аралыгында жер казынасын казууга бир дагы лицензия берген эмес

Өкмөттүн азыркы курамы иштеп баштаган убактан бери өлкөдө жер казынасын казууга бир дагы лицензия берилген эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, уран кенин казууга каршы өткөн митингдин катышуучулары өкмөттүн чечимине ишенишпейт.

«Албетте, мен кечирим сураймын, бирок мамлекет жарандардын пикирин эске алып ушундай чечим чыгарды. Бүгүн уран кенин чалгындоо боюнча чечим кабыл алгандан мурда калктын пикири жогору турат», -деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар