18:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Уран кенин чалгындоого лицензия берген Дүйшөнбек Зилалиевди жоопко тартуу керек

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди Таш-Булак уран кенинде чалгындоо жүргүзүүгө лицензия бергендиги үчүн, жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Бул тууралуу Жашылдар партиясынын уран кенин казууга каршы митингинде айтылды. 

«Мен уранга чалгындоо жүргүзүүгө берилген лицензияны көрдүм, анда Дүйшөнбек Зилалиевдин колу коюлуптур. Буга кимдин тийиштиги бар болсо, аларды жоопко тартуу керек», -деди нааразы болгондордун бири.

Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев билдиргендей, Таш-Булак кенинде урандан башка торий жана титан бар.

Эске салсак, Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кендин казылышына каршы болушуп, жер-жерлерде чакан митингдер уюштурулган. Өкмөт башчы кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн, экспертиза чыкканга чейин токтоткондугун айтып чыккан. Бирок, эл буга макул болбой, уран кенинин казылышы биротоло толугу менен токтотулушу керек деген пикирде. Мындан улам, бүгүн Ысык-Көлдөн тургундар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келип, өз талаптарын коюшмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар