30-апрелде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
30-апрелде жана 2-3-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.