Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Кылычбек Султан элчи болуп 2025-жылдын 8-июлунда дайындалган. Такталган маалыматка ылайык, бул чечим анын өз каалоосу менен берген арызынын негизинде кабыл алынды.
Кылычбек Султан — кыргыз мамлекеттик ишмери, медиаменеджер жана дипломат. Ал «Super.kg» медиахолдингинин негиздөөчүсү катары белгилүү. 2012-2013-жылдары социалдык өнүктүрүү министри кызматын аркалаган, ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы жана Пакистандагы элчиси болуп иштеген.

