06:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

УКМКнын кызматкерлери менен кафенин күзөтчүлөрү согушуп кетишти

Бишкекте УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери кафенин күзөтчүлөрү менен согушуп кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Окуя бүгүн түнү болгон.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, бычактан күзөт кызматкери жаракат алган. Бирок, жабырлануучу ооруканага жаткырылганбы же жокпу белгисиз», -деп билдиришти органдан.

Башкы прокуратура окуя Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар