13:57
USD 87.42
EUR 102.29
RUB 1.17

Бүгүн Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы башталат

Бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарында жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театры билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өтүп келген жаш манасчылар катышып, финалдык турда өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ал эми иш-чаранын максаты таланттуу жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо, улуу «Манас» эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар