Токмокто базардагы контейнерден 6 көйнөк уурдап кеткен эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок ШИИББге 28 жаштагы М.С. аттуу аял кайрылып, «Булак» базарында жайгашкан контейнеринен белгисиз адамдар 6 даана көйнөк уурдап кеткенин айткан.
Аталган окуяга шектүү делип эки аял кармалды. Алар 39 жаштагы М.Г. жана 29 жаштагы А.А. болуп чыкты. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.