Баткен облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 02:26да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Рават айылында 3 баллга, Ак-Татыр, Үч-Дөбө айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.