06:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды. Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Маалыматка ылайык, Жибек жолу кесип өткөн өлкөлөрдүн Кыргызстандагы 16 элчилиги катышып, ар бири бөлүнгөн бир күндө өз өлкөсүн таанытат. Иш-чара 28-апрелге чейин уланмакчы.

Көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусия өлкөлөрүнүн элчиликтери катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар