06:36
USD 87.43
EUR 102.72
RUB 1.16

Нарын облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 07:41де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын шаарында жана Нарын районунун Жер-Көчкү жана Өрүк-Там айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар