06:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токмокто кыз ала качууга тийиштиги бар делген 3 жаран кармалды

Токмок ШИИББнын кызматкерлери кыз ала качууга тийиштиги бар делген 3 жаранды кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-мартта милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, кызын белгисиз бирөөлөр ала качууга аракет жасаганын айткан. Аларга чара көрүүнү дагы суранган.

«Шаардагы кафелердин бирине «Хонда фит» үлгүсүндөгү унаа менен 3 жигит келип, кызды ала качууга аракет кылышкан. Алар колго түшүрүлүп, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот аларга карата үй камагына чыгаруу тууралуу баш коргоо чарасын кабыл алды. Керектүү экспертизалар дайындалды», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар