15:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ата Мекенчилер 23-апрелде ири масштабдагы тынчтык митингин өткөрүшөт

Бүгүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү борбордук штабына чогулуп, Нооруз майрамына карата партиялык иш-чара өткөрдү. Анда партиянын саясий кеңеши регоналдык уюмдардын, катардагы мүчөлөрдүн көптөн бери коюп келген талаптарынын негизинде 23-апрелде Жогорку Соттун алдында ири масштабдагы тынчтык митингин өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Аны «Ата Мекен» фракциясы бир добуштан колдоду.

Митингде «Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун ишин кайра карап, адилеттүү чечим чыгаруу, ошондой эле Атамбаевдин убагында саясий мотив менен камалгандардын ишин кайра кароо талаптары коюлат.
 
Мындан сырткары, сот реформасын тездетүү, укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу талаптары бийликке жолдонот. Сот адилетсиздигин жараткан, сотту репрессия куралы катары пайдаланган Алмазбек Атамбаевди жана анын жан жөкөрүн кылмыш жообуна тартылышы талап кылынат.

Митингге «Ата Мекен» партиясынын аймактардагы мүчөлөрү, партия колдоочулары жана жарандык активисттер катышаары күтүлүүдө.
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби