09:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мыйзамсыз баңгизат сатып жүргөн кылмыштуу топ колго түштү

Араван РИИБнын кызматкерлери мыйзамсыз баңгизат сатып жүргөн кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-мартта Сырт айылынын 1982-жылы туулган тургуну жана ушул эле айылдын 1995-жылы туулган тургуну баңгизат сатуу максатында өздөрүнүн унаасында бара жаткан жеринен кармалышты. Алардын жанынан 120 грамм баңгизаты табылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө колго түшкөн жарандар баңгизатты Араван районунун 1970-жылы туулган тургуну Н.Д.дан алганын айтышкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Н.Д.нын үйү тинтүүгө алынып, жалпы салмагы 874,65 граммды түзгөн баңгизат жана 1,2 грамм баңгизаттын уругу табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума