14:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Нарында 11-класстын окуучусу бычактан алган жаракатынан улам көз жумду

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы 11-класстын окуучусу бычактан жаракат алып каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, кылмышка 10-класстын окуучусу шектелүүдө.

Ушул жылдын 16-мартында Ак-Талаа РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Талаа райондук ооруканасына 11-класстын окуучусу бычактан алган жаракатынан улам келип түшкөнү жана ал өзүнө келбей каза болгону тууралуу маалымат берилген.

Маалыматка ылайык, окуучу балдардын ортосунда уруш чыгып, 2003-жылы туулган бала өзү жашаган үйүнөн ашкана бычагын алып чыгып, айылдашы 2002-жылы туулган баланы артына үч жолу сайып жиберген.

Кылмышка шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Ак-Талаа РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар