16:15
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бишкекте батирлердин бирине ууруга кирүүгө шектелип казак жараны кармалды

Бишкекте батирлердин бирине ууруга кирүүгө шектелип казак жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 21:20 чамасында «102» кызматына «Чыгыш-2» кичирайонундагы үйлөрдүн биринде белгисиз эркек киши терезе аркылуу батирге кирүүгө аракет кылып жатканы туурасында билдирүү келип түшкөн. С.С. аттуу аял белгисиз адамдар ашканадагы терезе аркылуу анын батирине ууруга киришкенин айткан. Шектүүлөр үйдөгү баалуу буюмдарды жана акчаларды алып, из жашырып кетүүгө аракет кылышкан.

Аталган кылмышка шектүү катары Казакстандын жараны кармалды. Анын жанынан газ баллон, кол кап, айнекти кесүүчү шайман, ачкычтар жана 2 уюлдук телефон табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар