Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын катчылыгы, активисттердин колуна УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн начальниги К. Табалдиевдин Жети-Өгүз районунун КПКБ (паспорттук стол) башчысы Ж.А. Бейшееванын дарегине кат түрүндө (тиркелет) аткарылган (2019-ж. 6-мартындагы чыг. № 06/535) материалдын фото түрүндөгү көчүрмөсү түшкөнүн жана аталган катта «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамдын 7 -беренесине шилтеме жасоо менен 18 адам боюнча Ф-1 көчүрмөлөрүн берүү суранычы айтылганын билдирет.
«Жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын тизмеси КСДПнын Ысык-Көл областтык партиялык конференциясына Жети-Өгүз районунан катыша турган делегаттардын тизмесине толугу менен дал келет. Материалга «Жашыруун» же «Кызматтык пайдалануу үчүн» деген белги коюлган эмес, ошондуктан тиешелүү маалымат Жети-Өгүз районуна жетишерлик түрдө кеңири тарап кеткен.
Бизде жогоруда аталган каттын түп нускасы чын экенине ишенүүгө бардык негиздер бар, анткени бизге келип жаткан билдирүүлөр боюнча делегаттар тууралуу сурап алуулар укук коргоо органдарынан Ысык —Көл областынын башка райондоруна да жөнөтүлгөн. Буга чейин КСДПнын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина да Бишкекте өткөрүлгөн партиялык конференцияларын өткөрүүгө бийлик органдарынын кийлигишип жатканын ачык айтып чыккан эле. Биздин партиялык активисттер муну КСДПнын аймактык партиялык конференцияларын жана ошондой эле биздин партиянын 18-съездин өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратуу үчүн аларга көрсөтүлүп жаткан түздөн түз кысым катары кабыл алышууда.
Биз бул боюнча так түшүндүрмө берүү үчүн УКМКнын жетекчилигине расмий түрдө кайрылабыз. Тактап айтканда, өлкөдөгү эң эски саясый партиянын делегаттарынын тизмесинин Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна кандай тиешеси бар? Улуттук коопсуздук органдарына, эгерде аларга кысым көрсөтүү үчүн болбосо, анда делегаттардын жеке маалыматтарынын эмне кереги бар? Ошондой эле өзүңүздөрдүн кызматкерлериңиздердин арасында саясый партиялардын жана алардын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн ишине кийлигишүүгө жол берилбестиги туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранабыз», -деп жазылат катта.

