13:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда таксилердин баарын милдеттүү каттоодон өткөрүү сунушталды

Кыргызстанда таксилердин баары каттоодон өтүшү керек. Унаа жана жолдор министрлиги документти коомдук талкууга алып чыкты.

Азыркы мыйзам боюнча ташуу иштери менен алектенген жеке жак патенттин негизинде иштейт.

Ошол эле маалда айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды карманышпайт. Буга байланыштуу такси айдоочуларды Унаа, суу транспорту агенттигине каттоого тургузуу сунушталды.

Ташуучулардын реестерине каттоосу жок жүргүнчүлөрдү жана жүктү коммерциялык ташууга жол берилбейт. Каттоодон өткөн таксисттерге атайын талон берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар