18:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖЭБти модернизациялоодогу мыйзам бузуулар боюнча

Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча маалымат угулду.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул иш боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен депутаттарды тааныштырды.

2018-жылдын 24-январындагы ЖЭБтеги кырсыктын чыгымы 89,6 миллион сомду түздү.

Башкы прокурордун айтымында, ЖЭБ кышка толук даяр эмес болгон. Жабдууларды алмаштырууда туура эмес демонтаж жүргүзүлүп, чатыры жана айнектери жоктугу жаап жашырылган.

«Суук түшкөндө суу тоңуп калган. Энергетиктер кышка даяр эмес болушкан. Мамлекеттин чыгым 89,6 миллион сом болду. Жыл сайын ЖЭБти оңдоого 400 миллион сом бөлүнөт. Ал каражатты аткаминер өз чөнтөгүнө жумшаган», — дейт Өткүрбек Жамшитов.

Жабдуулардын баасы бир топко кымбат көрсөтүлгөн.

«Баардык жабдуулар базар наркынан кымбат баада алынган. Мисалы, турбина өзү 22 миллион доллар турса, аны 25 миллион доллар деп көрсөтүшкөн», — деди Башкы прокурор.

Иликтөөнүн жыйынтыгы модернизацилоо кеткен каражат 386 миллион эмес, 275 миллион долларды түзөрүн аныктады. Баа 111 миллион долларга кымбат көрсөтүлгөн.

Кылмышка айыпталгандардын 413 миллион 885,3 миң сомдук мүлкү камоодо.

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаковдун 1,8 миллион сомдук, Жантөрө Сатыбалдиевдин 44,3 миллион сом, Осмонбек Артыкбаевдин 259,9 миллион сом, Айбек Калиевдин 19,5 миллион сом, Салайдин Авазовдун 67,8 миллион сом, Жолдошбек Назаровдун 1,7 миллион сом, Мусажан Макелектин 18,5 миллион сомдук мүлкү камоодо.

Башкы прокурордун билдирүүсүндө, ЖЭБди модернизациялоо чечимин Сапар Исаков кабыл алган. Аны көрсөтмөсү менен ал айткан компаниядан жабуу сатылып алынган.

Айтмакчы, ЖЭБте иштеген кытай жарандарынын ишке тартуу маселеси УКМК менен макулдашылбаптыр.

«Алар жайдан бери бекер иштеп жатат. Мурда аларга 8 миллион доллар жумшалчу», — деп билдирди парламентте УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов.

Бул иш боюнча жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар