Ошто таңкы 6:28де 4 баллдык жер титиреди. Бул тууралуу Сейcмология институту билдирди.
Кара-Суу районунун Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында — 4 балл, Папан, Алга-Бас, , Кызыл-Туу, Бек-Жар, Каблан-Көл жана башка айылдарында — 3,5 балл, Алай районунун борборунда жана Чайчы, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Мурдаш жана башка айылдарда- 3 балл болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча силкинүүдөн кыйроолор жана жапа чеккендер жок.