14:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Жүк-200» үчүн төлөмдү көбөйтүү сунушталды

«Жүк-200» үчүн төлөмдү 100 миң сомго көбөйтүү сунушталды. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов билдирди.

Депутат өкмөт мигранттарга жардамын күчөтсө деген оюн билдирди.

«Чет өлкөгө чыккандар ар кандай кырсыктарга учурап, түрдүү жаракаттарды алып, айрымдары «Жүк-200» болуп келип жатышат. Ушундан улам Миграция кызматы камсыздандырууну сунуштап жатышкандыр. Мигранттардан бизге 2 миллиард 700 миллион доллардай каражат келет экен. Биздин мигранттарга кылган мамилебиз туура эмес болуп жатат. Каза болгон жарандарыбыздын сөөгүн алып келүүгө бере турган каражат — 50 миң сом. Аны алуу үчүн туугандары ар кандай маалымдамаларды чогултушу керек. Мигранттар үйүндө акчасы жок болгон үчүн, кыйналгандыгынан чет өлкөгө кетип жатышат да. «Өзүбүз деле колдоо көрсөтөлү» деп өкмөттөн бериле турган каражатты 100 миң сомго чейин көтөрүүнү да сунуштаган элем. Ал үчүн токтомду өзгөртүп, кайра карап чыгуу керек», — деди Нурматов.

Эң көп окулган жаңылыктар