00:44
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты. Аны тосуп алууга 50-60ка жакын тарапкерлери чогулду.

Журналисттердин мандат жана апелляция тууралуу суроолоруна саясатчы мындан ары да күрөшөрүн, баары өз убагында болорун айтты.

Адахан Мадумаров, 2023-жылы 2-сентябрда камакка алынган. Ага кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн «Мамлекетттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк партиялык кассанын 50 миң долларын жеке кызыкчылыктарына пайдаланган деп «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылы 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду «Мамлекеттик чыккынчылык» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жаза берилген эмес. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлбөгөндүктөн, бүгүнкү күнгө чейин камакта болгон.