22:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов иш бөлмөсүнөн 250 миң доллар пара алган

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов иш бөлмөсүнөн 250 миң доллар пара алган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, Албек Ибраимов учурда төрт кылмыш иши боюнча айыпталууда. «Дастан Инжиниринг» жана «Дастан» компанияларынын ортосундагы келишимге ылайык, атайын жабдуулар кымбат баада жеткирилген. Анда жалпы чыгым 22 миллион сомду түзгөн. Буга байланыштуу Албек Ибраимовго, анын орун басарына жана башкы бухгалтерине коррупция жана алдамчылык боюнча айып тагылды.

«Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алганын айтып коеюн. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», — деди Дамир Сагынбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар