04:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Албек Ибраимов алдамчылыкка айыпталууда, бирок кылмыш иши козголгон жок

Экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанышат. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кечээ, Биринчи Май райондук соту мурунку мэрге карата баш коргоо чарасын мыйзамсыз карап, аны УКМКнын тергөө абагына камаган.

Биринчи Май райондук соту азыркыга чейин соттук отурумга журналисттерди жана катышкысы келген жарандарды киргизбейт. Мыйзамда соттук процесс ачык режимде өтсүн деп айтылат. Биз сотко каршы болгонубузду, алар четке кагышууда. Албек Ибраимовго карата «Алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылды, бирок кылмыш иши козголгон жок

Сергей Слесарев

Эске салсак, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар