15:24
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Канатбек Абдыкеримов ишинин жыйынтыгын 3 айдан кийин көрсөтө тургандыгын айтты

«НК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жаңы башкы директору Канатбек Абдыкеримов ишинин жыйынтыгын 3 айдан кийин көрсөтө тургандыгына убада кылды. Бул тууралуу ал унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин көчмө жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын башчысын 3 ай мурун дайындашкан. Мурунку башкы директор Алмазбек Ногойбаев депутаттардын «Кыргыз темир жолун» жемкорлукка айыптагандан кийин кызматтан кеткен.

«Азыр мен сатып алууларга көңүлдү буруудамын. Чынын айтыш керек, мурда сапат баасына төп келчү эмес. Азыр биз ак ниеттүү ташып жетирүүчүлөр менен иштешип жатабыз. Мындан сырткары бизде өнүгүү концепциябыз бар. Жыйынтыкты жарым жылда көрсөтөбүз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар